30
Декабрь
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2030-жылга чейинки иш-чаралар планы бекитилди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2030-жылга чейинки иш-чаралар планы бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документ Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.
Улуттук программа экономикалык жана социалдык көрсөткүчтөрдү, ошондой эле эл аралык рейтингдерди камтыган сегиз максаттуу көрсөткүчкө жетишүүгө багытталган.
Негизги максаттардын айрымдары:
- ИДПнын орточо жылдык реалдуу өсүү темпин 8% камсыз кылуу;
- ИДПга 30 миллиард доллардан кем эмес жетишүү;
- ИДПнын жан башына 4500 АКШ долларына жетиши;
- Туруктуу өнүгүү максаттарга жетүү боюнча өлкөнүн алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кириши;
- Адамдын өнүгүү индекси боюнча Кыргыз Республикасынын рейтингин 10 позицияга жакшыртуу.
Иш-чаралар планы төмөнкү багыттар боюнча 900 иш-чарадан турат (рухий жана адеп-ахлактык өнүгүү, индустриялаштыруу, аймактык хаб, айыл чарба жана туризм, жашыл энергетика, чакан жана орто бизнести колдоо, каржы рыногун өнүктүрүү, санариптештирүү, адам потенциалы жана татыктуу эмгек, адилеттүү социалдык коргоо, билим берүү, жеткиликтүү жана туруктуу саламаттыкты сактоо, мамлекеттик башкарууну реформалоо, аймактык өнүгүү, бюрократиядан арылуу, укуктук системаны өнүктүрүү, коомдук коопсуздукту жакшыртуу, коррупция менен күрөшүү, тышкы саясат жана улуттук коопсуздук, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук).
Белгилей кетсек, Улуттук программа өнүгүүнүн төрт негизги векторун аныктайт: индустриялаштыруу, аймактык хаб, айыл чарба жана туризм жана жашыл энергетика.
Индустриалдаштыруунун алкагында Иш-чаралар планы бир катар иш-чараларды камтыйт, анын ичинде: улуттук индустрияны өнүктүрүү фондун түзүү; энергияны үнөмдөөчү технологияларды инвестициялоочу ишканаларды жеңилдетилген пайызда насыялоо механизмдерин иштеп чыгуу; өнөр жай секторлорунда пилоттук кластерлерди түзүү; технологиялык хабдарды (технологиялык парктар, инновациялык борборлор, бизнес-инкубаторлор) түзүү жана башка чаралар.
Аймактык хабды түзүүнүн алкагында Иш-чаралар планына автомобиль жолдорун кеңейтүү, жол инфраструктурасын жана “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү пункттарын модернизациялоо; "Барскоон - Үчтурфан - Аксу" эл аралык автожолун куруу; “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушун аяктоо жана ишке киргизүү; “Ак-Тилек” жана “Карасуу” автожол постторунун аймагында кыргыз-казак өнөр жай соода-логистикалык комплексинин долбоорун ишке ашыруу; “Бедел” өткөрүү пунктун пайдаланууга берүү жана башка чаралар.
Иш-чаралар планы айыл чарбасын жана туризмди өнүктүрүү боюнча бир катар иш-чараларды камтыйт: тоюттун адистештирилген технологиясын колдонуу менен толук циклдүү мал чарба ишканаларын түзүү; 2029-жылга чейин органикалык айыл чарба аянтын 202 миң гектарга чейин көбөйтүү; тамак-аш жана айыл чарба продукциясын ата мекендик өндүрүүчүлөргө тандалып алынган продукциянын сапатын эл аралык жана адистештирилген стандарттарга ылайык келтирүү боюнча көмөк көрсөтүү; “А” классындагы агрологистикалык борборлорду куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу; суу ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган системаларын киргизүү; ири мейманкана түйүндөрүн тартуу жана аймактарда инфраструктураны кеңейтүү; туристтик жайларга баруучу жолдорду куруу жана оңдоо; экотуризмди, медициналык жана спорттук туризмди жана башка чараларды эске алуу менен өнүккөн инфраструктурасы жана логистикасы бар туристтик кластерлерди түзүү.
Жашыл энергетиканы өнүктүрүүнүн алкагында Иш-чаралар планы төмөнкү иш-чараларды камтыйт: Куланак ГЭСин, Куланак-2 ГЭСин, Жогорку Нарын ГЭС каскадын, Сары-Жаз ГЭС каскадын, Чаткал дарыясындагы ГЭСтер каскадын куруу долбоорлорун ишке ашыруу; Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорлорунун негизги этаптарын ишке ашыруу; Казарман ГЭС каскады, Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскады; Кемин-Балыкчы 500 кВ электр өткөрүү линиясын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу; 220/10 кВ көмөкчордон жана 220 кВ “Байтик” аба линиясы, 500 кВ “Бишкек” көмөкчордону, 500 кВ Фрунзе-Бишкек-Кемин аба линиясын, 500 кВ “Датка-Торугарт” аба электр чубалгысы, 500 кВ “Кемин-Торугарт” аба электр чубалгысын куруу; гидроэлектростанцияларды реконструкциялоо жана модернизациялоо; энергоблокторду жана энергетика системасында зарыл кепилденген кубаттуулукту камсыз кылуучу башка системаларды куруу жана башка чаралар.
Иш-чаралар планын ийгиликтүү ишке ашыруу Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында аныкталган максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүүнү камсыз кылат.