28

Декабрь

2025

Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева Бишкек шаарынын мэринин жаңы жылдык балатысына катышты

2025-жылдын 28-декабрында «Жаштык аренасында» Бишкек шаарынын мэринин жаңы жылдык балатысы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева катышты. Майрамга 3000ге жакын бала – окуунун отличниктери, мектеп турмушунун активисттери, конкурстардын жеңүүчүлөрү, ошондой эле көп балалуу жана социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн балдары катышты. 

Жаш коноктор үчүн майрамдык программа жана балдарды Кыргызстандын маданий мурастары жана каада-салттары менен тааныштырган «Кыргызстандын 7 керемети» аттуу театралдаштырылган жаңы жылдык оюн-зоок уюштурулду. Иш-чара жылуу жана майрамдык маанайда өтүп, балдарга кубаныч, жаркын таасирлерди жана жаңы жылдык маанай тартуулады.