12

Декабрь

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиевдин Россия Федерациясына болгон жумуш сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Москва шаарына болгон жумуш сапары аяктады.

Жумуш сапарынын алкагында МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев алгач Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар жана кеңири курамдагы жыйындарына катышып сөз сүйлөдү. 

Мындан тышкары ЕӨАКнын жыйынын жыйынтыгы менен бир катар маанилүү документтерге кол койду. 

Ошондой эле жумуш сапардын алкагында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жана байкоочу мамлекеттин өкмөт башчылары менен биргеликте Москва шаарындагы Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн (ВДНХ) аймагында жайгашкан атом өнөр жайынын өнүгүшүнө арналган эң ири билим берүү комплекси саналган “Атом” павильонундагы музейи менен таанышып чыкты.

Андан соң МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев ушул эле комплексте өтүп жаткан илим жана технологиялар жаатындагы кызматташтык боюнча эл аралык конференцияга катышты.

Ушуну менен, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин жумуш сапары аяктап, Бишкек шаарына кайтып келди.