12

Декабрь

2025

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Москвада илим жана технологиялар жаатындагы кызматташтык боюнча эл аралык конференцияга катышты

Москва, Россия Федерациясы, 2025-жылдын 12-декабры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Москва шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында илим жана технологиялар жаатындагы кызматташтык боюнча эл аралык конференцияга катышты. 

Алгач МинКаб башчысы ЕАЭБ мүчө өлкөлөрдүн жана байкоочу мамлекеттин өкмөт башчылары менен биргеликте Москва шаарындагы Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн (ВДНХ) аймагында жайгашкан атом өнөр жайынын өнүгүшүнө арналган эң ири билим берүү комплекси саналган “Атом” павильонундагы музей менен таанышып чыкты. 

Музейдеги экспозициялар атомдук энергияны өздөштүрүү тарыхы, советтик атомдук долбоордун башталышынан бүгүнкү күнгө чейин баяндайт.

Андан соң МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев ушул эле комплексте өтүп жаткан илим жана технологиялар жаатындагы кызматташтык боюнча эл аралык конференцияга катышты.

Конференцияда экологиялык коопсуздукту жана энергиянын натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн газ жана суюк чөйрөлөрдү тазалоо системалары, радиоактивдүү калдыктарды коопсуз сорттоо жана паспорттоштуруу үчүн роботтоштурулган система,  лазерлер, оптоэлектроника, 5G жана медицина үчүн материалдарды жана компоненттерди иштеп чыгуу, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден коргоо үчүн жөргөмүш уусунун токсининин негизинде экологиялык жактан таза инсектицидди иштеп чыгуу, илимий тармак түзүү жана  нейтрондук нурлануу орнотмолоруна жеткиликтүүлүк боюнча бир катар презентациялар көрсөтүлдү.