11
Декабрь
2025
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россия Федерациясына келди
Россия Федерациясы, Внуково эл аралык аэропорту. 2025-жылдын 11-декабры — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын —Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Москва шаарына келди.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы эки күндүк жумуш сапарынын алкагында, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына жана илим жана технологиялар жаатындагы кызматташтык боюнча эл аралык конференцияга катышат.