10
Декабрь
2025
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россия Федерациясына барат
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев 2025-жылдын 11-12-декабрында Россия Федерациясынын Москва шаарына жумуш сапары менен барат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы жумуш сапарынын алкагында, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына ошондой эле илим жана технологиялар жаатындагы кызматташтык боюнча эл аралык конференцияга катышат.