10

Декабрь

2025

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжандын Айыл чарба министри Меджнун Мамедов менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Азербайжан Республикасынын Айыл чарба министри Меджнун Мамедов менен жолукту. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар айыл чарба продукцияларын өз ара жүргүзүүнү көбөйтүү, кайра иштетүү, ветеринардык жана фитосанитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, заманбап агротехнологияларды киргизүү маселелери боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Ал эми Бакудагы Кыргызстандын Соода үйүн кыдыруу учурунда болсо, Азербайжандын базарында кыргыз продукциясын жылдыруудагы жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы байланыштарды кеңейтүүдө Соода үйүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Продукциянын ассортиментин кеңейтүү жана биргелешкен ишкердик демилгелерди активдештирүүнүн зарылдыгы айтылды. 

Тараптар стратегиялык өнөктөштүктү айыл чарба, транспорт, энергетика жана соода тармагындагы далилдүү долбоорлор менен кеңейтүү ниетин ырасташты.

Жумуш сапардын алкагында кыргыз делегациясы азербайжан элинин жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин жана анын жубайы Зарифа Алиеванын элесин эскерди.