09
Декабрь
Кыргызстан менен Азербайжан космос тармагындагы кызматташуунун келечегин сүйлөштү
Баку, 2025-жылдын 8-декабры — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Азербайжан Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында “Азеркосмос” космостук агенттигине барды.
Анда, агенттиктин директорлор кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу Дунай Бадирханов менен жолугуп, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө космостук технологиялар, спутниктик байланыштар жана санариптик чечимдер чөйрөсүндө кызматташуунун келечеги талкууланды.
Кыргыз тарап азербайжан спутниктеринин мүмкүнчүлүктөрүн байланыш, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, айыл чарба мониторинги, айлана-чөйрөнү көзөмөлдөө үчүн колдонууга кызыкдар экенин билдирди. Заманбап спутниктик маалыматтарга жетүү мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатып, маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыраары айтылды.
Азербайжан тарап өзүнүн спутниктик системаларынын техникалык потенциалын, анын ичинде маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүктөрүн, жогорку тактыктагы аймактык мониторингди, мамлекеттик органдар менен жеке сектор үчүн комплекстүү санариптик кызматтарды көрсөтүүдөгү тажрыйбасы менен бөлүштү.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар жумушчу консультацияларды улантуу жана Кыргызстан үчүн негизги тармактарда спутниктик кызматтарды жана технологияларды ишке ашырууга багытталган далилдүү долбоорлорду иштеп чыгууну макулдашышты.