08

Декабрь

2025

Бакуда Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 6-жыйыны болду

Баку шаары, 2025-жылдын 8-декабры — Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 6-жыйыны болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын делегациясын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, ал эми Азербайжан Республикасынын делегациясын Азербайжан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Самир Шарифов жетектеди.

Тараптар мамлекет башчылары тарабыан буга чейин койгон милдеттерди жана максаттарды өз убагында ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти,

ошондой эле стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө жана соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистика, энергетика, өнөр жай, айыл чарба жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну кеңейтүүгө эки тараптын тең кызыкчылыгы айтылды.

Отурумда өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана эки тараптуу сооданын структурасын диверсификациялоого өзгөчө көңүл бурулду.

Ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы байланыштарды активдештирүү, айыл чарба жана өнөр жай продукциясын түз жеткирүүлөрдү кеңейтүү, чийки затты кайра иштетүү жана үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна биргелешип чыгуу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Биргелешкен долбоорлорду колдоонун негизги финансылык инструменти катары Азербайжан-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун негизги ролу белгиленди. Тараптар Фонддун капиталын андан ары кеңейтүүнү жана энергетика, турак жай курулушу, жеңил өнөр жай, саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлордун биринчи этабынын ишке ашырылышын кубатташты. Ошону менен бирге энергетика, өнөр жай, инфраструктура, кичи жана орто бизнес чөйрөлөрүндө жаңы долбоорлордун портфелин түзүү боюнча чараларды көрүү макулдашылды.

Транспорт жана логистика тармагында эки өлкөнүн транзиттик потенциалын ачуу пландары комплекстүү каралып, анын ичинде мультимодалдык каттамдарды жана Борбор Азия, Кавказ жана башка региондор ортосунда жүктөрдү тез жана эффективдүү жеткирүү каналдарын камсыз кылуу үчүн логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү каралды. 

Гуманитардык жаатта тараптар университеттер ортосунда илимий борборлордун кызматташтыгын кеңейтүү, академиялык алмашууларды колдоо, биргелешкен маданий иш-чараларды жана жаштар программаларын ишке ашыруу, туризм долбоорлоруна кошумча дем берүү боюнча макулдашышты. Ошондой эле, Кыргызстан жана Азербайжан элдеринин жалпы тарыхый жана руханий баалуулуктарын чагылдырган достук эс алуу жайлары менен мемориалдык объекттердин символикалуу ролу өзүнчө белгиленди.

Отурумдун жыйынтыгында Өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагалары 6-отурумунун протоколуна кол коюшту.

Тараптар жетишилген макулдашуулар алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги иш-чараларга даярдык көрүү үчүн бекем пайдубал болоорун, кыргыз-азербайжан мамилелерин жаңы, жогорку деңгээлге көтөрөөрүнө ишенимин билдиришти.