08
Декабрь
Бакуда Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин жолугушуусу болду
Баку, 2025-жылдын 7-декабры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевди Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынынын алкагында Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев кабыл алды.
МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун саламын Президент Ильхам Алиевге жеткирип, ал акыркы жылдары эки тараптуу мамилелерди сапаттык жактан жаңы, стратегиялык деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берген жогорку деңгээлдеги ишенимдүү диалогдун өзгөчө ролун белгиледи.
Өз кезегинде Ильхам Алиев Президент Садыр Жапаровго жылуу саламын жеткирүүнү суранып, кыргыз-азербайжан мамилелеринин динамикалуу өнүгүп жаткандыгына жогору баа берип, эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн ар тараптуу бекемдөөгө өзгөчө маани берээрин белгиледи. Азербайжандын башчысы Бакуда өтө турган Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын күн тартиби тыгыз кызматташуунун жана практикалык кызматташууну тереңдетүүгө болгон өз ара умтулуунун ачык далили экенин белгиледи.
Азербайжандын Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушууларынын форматына катышуусунун маанилүүлүгү белгиленди. Кыргыз тарап бул Борбор Азия менен Түштүк Кавказдын аймактарынын өз ара байланышын чыңдоого, туруктуу транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө, экономикалык жана гуманитардык байланыштарды тереңдетүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Жолугушууда инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Алгачкы долбоорлорун каржылай баштаган Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иши талкууланды. Президент Ильхам Алиев азербайжан тараптын Кыргызстанда Фонддун каражаттары менен ишке ашырылып жаткан келечектүү долбоорлорду мындан ары да колдоого даяр экенин билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар энергетика, транспорт жана логистика, өз ара инвестиция, билим берүү, гуманитардык алмашуу жана айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты.