04
Декабрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү
Бишкек, Ынтымак-Ордо, 2025-жылдын 4-декабры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү.
Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө (3-декабрь) карата уюштурулган иш-чарага мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын санынын 2007-жылга салыштырмалуу 221 миң адамга (калктын 3%) чейин өсүшүнө өкүнүү менен белгилеп, мамлекеттик колдоонун күчөтүлгөндүгү жөнүндө айтып берди.
«2022-жылдан тарта социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү эки эсеге көбөйтүлдү. 2025-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда бул максаттарга 8,6 млрд сом каралган, ошол эле учурда жөлөк пулдун орточо өлчөмүн (6 411 сом) жашоо минимумунун деңгээлине жеткирүү пландаштырылууда. Ушул жылы майыптык боюнча пенсияларга 7,6 млрд сом багытталган, анын орточо өлчөмү 9 600 сомго жетти», – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.
Муктаж жарандарга зарыл жардам көрсөткөн 14 730 адамды туруктуу эмгек акы менен камсыз кылган жеке жардамчылар институтунун натыйжалуу иштеп жаткандыгы баса белгиленди. «Социалдык ипотека» программасы боюнча 258 үй-бүлө турак жай менен камсыздалды. Мамлекеттик социалдык заказдын олуттуу өсүшү белгиленди: 2025-жылга 115 млн сом каралган, анын ичинен 51 млн сом майыптыгы бар адамдар үчүн кызмат көрсөтүүгө багытталган — бул 2022-жылга салыштырмалуу беш эсеге көп.
Андан ары майыптыгы бар адамдарды колдоо боюнча мамлекеттик саясат, «Жеткиликтүү өлкө» программасын ишке ашыруунун жыйынтыктары, инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү жана Чүй облусунда жашоо сапатын жогорулатуу боюнча негизги баяндамалар угулду.
Жыйындын соңунда Министрлер кабинетинин төрагасы бардык айтылган сунуштарды жана маселелерди камтыган протоколдук чечимдин долбоорун даярдоону тапшырды. Мындан тышкары, кийинки жыйынга акыркы эки жылдагы мурда коюлган пландын аткарылышы жөнүндө отчет даярдоо тапшырылды.