04

Декабрь

2025

Министрлер Кабинети жана Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтү критикалык маанилүү минералдар боюнча Меморандумга кол коюшту

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Нурбек Ташбеков баштаган Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын Улуу Британияга (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу) болгон жумушчу сапарынын алкагында Улуу Британиянын Европа, Түндүк Америка жана деңиздеги аймактар боюнча мамлекеттик министри Стивен Даути менен эки тараптуу жолугушуу өттү.

Сапар Лондондогу жыл сайын өтүүчү Тоо-кен жумалыгынын алкагында "Эртеңки күндүн ресурстары 2025" форумуна катышуу максатында болду. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-британ кызматташтыгынын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин, өз ара инвестицияларды кеңейтүүнү, ошондой эле ишкердик байланыштарды чыңдоону жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүнү талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтүнүн ортосунда критикалык маанилүү минералдар боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Документ геологиялык изилдөөлөр, жогорку экологиялык, социалдык жана башкаруу стандарттарын киргизүү, ишкердик байланыштарды өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташууну карайт. Меморандумга кол коюу кыргыз-британ мамилелерин тереңдетүү үчүн жаңы платформа түзөт, экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүүгө көмөктөшөт жана инвестицияларды тартуу жана критикалык маанилүү минералдар тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.