04
Декабрь
Кыргыз Республикасынын 2025-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн үлгүсү бекитилди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын 2025-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүн киргизүү маселелери боюнча токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул документ менен Кыргыз Республикасынын 2025-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн сүрөттөлүшү жана Кыргыз Республикасынын 2025-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн үлгүсү бекитилди. Кыргыз Республикасынын 2019-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүн берүү бул айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктары аяктаганга чейин жүргүзүлө тургандыгы белгиленди.
Кыргыз Республикасынын 2019-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн бланктары аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын 2025-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүн берүү жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын 2025-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүн персонификациялоого ыйгарым укуктуу. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине чет мамлекеттерди Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын 2025-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн киргизилиши тууралуу маалымдоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырылды.