03

Декабрь

2025

Министрлер Кабинети көмүрдү Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети көмүрдү Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салууну киргизген токтом кабыл алды. Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Документке ылайык, өлкөнүн көмүрү (ЕАЭБдин ТЭИ ТН 2701 жана 2702 коддору менен классификациялануучу) автомобиль транспорту менен (“Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” автомобилдик өткөрүү пункттарын кошпогондо) жарым жылдык мөөнөткө экспорттолбойт. 

Токтомдун негизинде Экономика жана коммерция министрлигине, Тышкы иштер министрлигине, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына тиешелүү тапшырмалар берилди. 

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Толук маалымат менен төмөндөгү шилтеме аркылуу таанышууга болот. 

https://www.gov.kg/ky/npa/s/4744