03

Декабрь

2025

МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Дүйнөлүк Банктын саламаттыкты сактоону өнүктүрүү маселелери боюнча миссиясы менен жолугушту


Бишкек, “Ынтымак Ордо”, 2025-жылдын 3-декабры. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү – Дүйнөлүк Банктын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин башчысы Хью Ридделл жана Саламаттыкты сактоо маселелери боюнча улук адис, Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Мохини Как менен жолугушту.
 
Тараптар баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жакшыртуу боюнча программаны ишке ашыруунун орто аралык жыйынтыктарын, ошондой эле анын камтуу чөйрөсүн кеңейтүү, натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатуу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты. Кадрдык потенциалды өнүктүрүү, жеке секторду тартуу, балдардын ден соолугун коргоо боюнча чараларды күчөтүү, анын ичинде курамында кант бар суусундуктардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
 
 Эдил Байсалов саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыты болуп саналарын баса белгиледи.
 
 «Кыргызстан социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштады. Президент Садыр Жапаров 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын бекитти, анда адамдык капиталды өнүктүрүүгө өзгөчө орун берилген. Жакынкы жылдары саламаттыкты сактоого кеткен чыгымдардын үч эседен ашык көбөйүшүн күтүп жатабыз. Кийинки жылы эле медицина кызматкерлеринин эмгек акысы кыйла жогорулайт, ал эми Бишкек шаарында да, аймактарда да заманбап медициналык инфраструктураны курууга болуп көрбөгөндөй мамлекеттик инвестициялар багытталат. Президент саламаттыкты сактоо тармагына мамлекеттик мамилени түп-тамырынан бери жаңылоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу милдетин коюп, жаңы саламаттыкты сактоо министрин дайындады Биз Дүйнөлүк Банк жана башка эл аралык өнөктөштөр менен биргелешип иштөөнү мындан ары да бекемдөө жана медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн ийгиликтүү кызматташууну улантууга үмүттөнөбүз", - деп белгиледи Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.
 
 Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүгө, кадрдык потенциалды бекемдөөгө жана жалпы саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган реформаларга эксперттик жана финансылык колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин ырасташты.