02

Декабрь

2025

Министрлер Кабинети 2030-жылга чейин “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү концепциясын бекитти

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2030-жылга чейинки мезгилге “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча Чаралар планын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 


Документке ылайык 2030-жылга чейинки мезгилге “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү концепциясы, концепцияны ишке ашыруу боюнча чаралар планы, концепцияны ишке ашыруу боюнча индикаторлордун матрицасы бекитилди. 


Министрликтер, административдик ведомстволор, Улуттук илимдер академиясы, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларынын мэриялары тиешелүү жумуштарды алып барат. 


Концепциянын максаты – Ысык-Көлдү коргоого жана Ысык-Көл биосфералык зонасын антропогендик күч келүүнүн, техногендик жана жаратылыш факторлорунун натыйжасында жаратылыш чөйрөсүнө терс таасир тийгизүүдөн коргоого, ошол эле учурда региондун туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылууга жана анын калкынын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.


Маалымат тууралуу тиркелген шилтеме аркылуу толук таанышууга болот https://www.gov.kg/ky/npa/s/4743