30
Ноябрь
2025
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого добуш берди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого добуш берди.
Ал өзүнүн добушун Бишкек шаарындагы № 26 жалпы билим берүүчү орто мектепте жайгашкан № 1123 шайлоо участкасында берди.
Республика боюнча 2492 шайлоо участогу болсо, ал эми өлкөдөн тышкары чет мамлекеттерде 100 шайлоо участогу ачылган.