29

Ноябрь

2025

Кыргызстандын МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиевдин Берлинге болгон жумуш сапары аяктады

Берлин, Германия, 2025-жылдын 29-ноябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев 2025-жылдын 28-ноябрынан 29-ноябрына чейин Германия Федеративдүү Республикасынын Берлин шаарына болгон жумуш сапарын аяктады.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстанда “Кыргызстан жана Германиянын экономика күндөрү” форматындагы иш-чаралардын биринчи сериясы ийгиликтүү аяктаган. МинКаб Төрагасынын Берлинге болгон жумуш сапарынын негизги максаты экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө жана инвестиция тартууга багытталды жана бул масштабдуу форматтын экинчи циклин баштоо болду.

МинКаб Төрагасы жумуш сапарынын алкагында Берлинде эки өлкөнүн 300дөн ашык ири бизнес өкүлдөрүн, инвесторлорду жана эксперттерди чогулткан “Кыргызстандын улуттук экономика күнү” аттуу кыргыз-герман бизнес форумуна катышты. Форумда Кыргыз Республикасындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр көрсөтүлүп, экономиканын түрдүү тармактарындагы конкреттүү долбоорлор талкууланды. Ошондой эле кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, анда соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун келечеги талкууланды.

Адылбек Касымалиев Бундестагдын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен бир катар маанилүү эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, анын жүрүшүндө түрдүү тармактарда кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Германиянын борборундагы “Кыргыз почтасы” ААКнын эл аралык почта алмашуу борборунда болуп, Кыргызстандагы балдар үйлөрүнүн бирине символикалык белек жөнөттү.

Сапарды жыйынтыктап жатып МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Германиянын Чыгыш германиялык экономикалык байланыштар комитетинин аткаруучу директору Михаэл Хармстын коштоосунда Берлиндин борбордук бөлүгүн кыдырып чыкты. Бул бейформал жолугушуу мындан аркы экономикалык кызматташтыктын келечегин талкуулоого жана бизнес чөйрөсүндөгү жеке байланыштарды чыңдоого шарт түздү.

Сапардын жыйынтыгында МинКаб Төрагасы 29-ноябрда Бишкекке кайтып келди.