29

Ноябрь

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Берлиндеги Кыргыз почтасынын эл аралык почта алмашуу борборуна барды

Берлин, Германия, 2025-жылдын 29-ноябры – Берлинге болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Германиянын борборундагы “Кыргыз почтасы” ААКнын чет өлкөдөгү эл аралык почта алмашуу борборуна барды.

Сапардын жүрүшүндө МинКаб Төрагасына борбордун ишмердүүлүгү, анын ичинде эл аралык почтаны сорттоо, таңгактоо, кайра иштетүү жана жөнөтүү боюнча заманбап технологиялары тууралуу маалымат берилди.

“Кыргыз почтасынын” ААКнын башкы директору Марат Черикчиев ошондой эле борбордун мындан аркы өнүгүү пландарын, анын ичинде логистикалык потенциалды кеңейтүү жана почтаны кайра иштетүүнүн ылдамдыгын жана сапатын жогорулатууга багытталган жаңы санариптик чечимдерди ишке киргизүүнү айтты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргызстандын балдар үйлөрүнүн бирине өзүнүн атынан белекти символикалык түрдө жөнөтүүсү сапардын өзгөчөлүгү болду. Анда 50 белек топтомунда билим берүүчү оюндар, китептер, кеңсе буюмдары жана таттуулар бар.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, Европанын чок ортосунда мындай борбордун ачылышы Кыргызстандын экспорттук потенциалын чыңдап, ата мекендик өндүрүшчүлөр менен ишкерлер үчүн европалык рыноктордо жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турган маанилүү кадам.

Ошондой эле ал жөнөтүлгөн белектер Бишкекке ылдамыраак жетип, Жаңы жылды утурлай балдарды кубандырат деген ишенимин билдирди.