28

Ноябрь

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев кыргыз-герман Ишкердик кеңешинин 5-жыйынында жакынкы келечекке эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын белгиледи



Берлин шаары, Бавария федералдык жеринин Берлиндеги өкүлчүлүгү, 2025-жылдын 28-ноябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Берлинге болгон жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-герман Ишкердик кеңешинин 5-жыйынына катышты. 


Жыйынды ачып жатып, Министрлер Кабинетинин башчысы «Кыргызстан менен Германияны өз ара сыйлашууга, ишенимге жана туруктуу өнүгүүгө умтулууга негизделген көп жылдык өнөктөштүк байланыштар бириктирип турат» деп баса белгиледи. 


Ал «Германиядагы Кыргыз Республикасынын экономикасынын күндөрү» алкагында өткөн бизнес-форум кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө болгон өз ара кызыгуунун жогорку деңгээлин тастыктаганын белгиледи. 


Анын айтымында, өз ара диалог жана сүйлөшүүлөр экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, заманбап технологияларды киргизүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Кеңештин жыйынында Адылбек Касымалиев кызматташуунун үч негизги багытына көңүл бурууну сунуштады. 


Биринчиси - бул финансы-банктык өз ара аракеттенүү. Соода-экономикалык байланыштарды активдештирүү үчүн Кыргызстан менен Германиянын банк мекемелеринин ортосунда түз корреспонденттик мамилелерди өнүктүрүү сунушталды, бул финансылык операцияларды ачык-айкын, тез жана ишенимдүү кылат. Кыргыз тарап керектүү институционалдык жана жөнгө салуучу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.


Экинчиси – билим берүү жана кадрларды кесиптик даярдоо жаатындагы кызматташтык. Кыргызстан Германиянын дуалдык окутуу системасындагы тажрыйбасына маани берип, университеттер, кесиптик колледждер жана тармактык борборлор ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө, ошондой эле академиялык алмашуу жана биргелешкен окутуу программаларын өнүктүрүүгө кызыкдар. 


Үчүнчүсү – миграция жаатындагы кызматташтык. «Кыргызстан кесиптик жана тилдик даярдыкты, ошондой эле кесиптик көндүмдөрдү таануу механизмдерин камтыган кадрларды максаттуу даярдоо программаларын биргелешип өнүктүрүүнү сунуштайт. Мындай ыкма Кыргызстандын жарандары үчүн жагымдуу эмгек шарттарын жана укуктарын коргоону камсыз кылууга, Германиянын эмгек рыногунун муктаждыктарын канааттандырууга багытталган», - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы. 


Талкуулардын жыйынтыгында Министрлер кабинетинин төрагасы көрсөтүлгөн багыттар боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүүнү сунуштады, бул талкуулардан конкреттүү кадамдарга жана долбоорлорду практикалык ишке ашырууга өтүүгө мүмкүндүк берет.

«Биз өз ара аракеттенүүнүн системалуу мүнөзү жана бизнес өкүлдөрүнүн, мамлекеттик институттардын жана билим берүү уюмдарынын катышуусу практикалык натыйжаларга жетишүү үчүн бекем негиз түзөт деп ишенебиз. Кыргыз Республикасы кызматташууга, инвестицияга жана биргелешкен демилгелерге ачык. Биз алдыга ырааттуу, прагматикалык жана өз ара пайдалуу негизде жылууга даярбыз», – деп сөзүн жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.