28
Ноябрь
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев: Берлинде "Кыргызстандын улуттук экономикасынын күндөрү" экинчи циклы кыргыз-герман өнөктөштүгүн чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат
Берлин шаары, Германиянын Соода-өнөр жай палатасы, 2025-жылдын 28-ноябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Берлинге болгон жумушчу сапарынын алкагында «Берлинде Кыргызстандын улуттук экономикасынын күнү» аттуу кыргыз-герман бизнес-форумуна катышты.
Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Германиянын Соода-өнөр жай палатасына, Германиянын экономикасынын Чыгыш комитетине жана иш-чаранын уюштуруучуларына жылуу кабыл алгандыгы жана Форумду жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал мындан бир нече ай мурда Ысык-Көл жээгинде эки өлкөнүн 70тен ашык компаниясынын катышуусунда мурдагы кыргыз-герман бизнес-форуму өткөнүн, ал «Кыргызстан жана Германия экономикасынын күндөрү» форматындагы иш-чаралардын биринчи айлампасын жыйынтыктаганын белгиледи. Анын айтымында, Берлинде бул форматтын экинчи айлампасынын башталышы кыргыз-герман өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат.
Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Германиянын ортосунда көп жылдардан бери ишенимге, өз ара сый-урматка жана жемиштүү кызматташтыкка негизделген мамилелер бар экенин баса белгиледи.
Акыркы үч жылда өнөктөштүк жаңы динамикалык этапка жетти: Гамбург, Франкфурт-на-Майне жана Мюнхен шаарларында масштабдуу иш-чаралар өткөрүлдү, бизнес жана финансы институттарынын өкүлдөрү менен ондогон жолугушуулар болду. Мындан тышкары, мындан туура бир жыл мурда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Германияга расмий сапары болуп, анын алкагында Германиянын экономикасынын Чыгыш комитети жана герман компаниялары менен жолугушуу өткөргөнү өзгөчө белгиленди.
Министрлер Кабинетинин башчысынын айтымында, мунун баары эки өлкөнүн ортосундагы өз ара ишенимдин жана өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин тастыктайт. Өз сөзүндө ал Кыргызстан улуттук экономиканы модернизациялоо жолу менен ишенимдүү түрдө алдыга жылып жатканын баса белгиледи. Кыска убакыттын ичинде таасирдүү натыйжаларга жетишилди: ИДПнын орточо жылдык өсүшү болжол менен 9%ды түздү, ал эми 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча – 11,7%. Өнөр жай, энергетика, айыл чарба, шаардык жана аймактык инфраструктура, транспорт жана санариптик экономика активдүү өнүгүүдө.
Өлкө тоо-кен тармагын реформалап, ESG стандарттарын киргизип жатат жана герман компанияларынын келечектүү долбоорлорго катышуусу үчүн ачык. Кыргызстан европалык өнөр жай үчүн, айрыкча жашыл экономиканын контекстинде талап кылынган пайдалуу кендердин олуттуу запастарына ээ. Муну менен катар эле IT-сектору активдүү өнүгүүдө: Жогорку технологиялар паркында Европа жана Азия рынокторуна продукция экспорттогон 200дөн ашык компания катталган.
Адылбек Касымалиев германиялык компанияларды кызматташууга чакырды — жабдууларды жеткирүүдөн жана башкаруунун заманбап системаларын киргизүүдөн тартып, "жашыл" инвестицияларды ишке ашырууга чейин. Германиялык IT-компаниялары жана технологиялык стартаптар менен биргелешип иштөө мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулуп, иштеп чыгуу борборлорун, билим берүү платформаларын жана жашыл экономика үчүн санариптик чечимдерди түзүү каралууда.
Ал Кыргызстан сапаттуу инвестициялык чөйрөнү түзүү үчүн инвестицияларды коргоого, процедураларды жөнөкөйлөтүүгө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган жаңы мыйзамдарды кабыл алганын баса белгиледи.
Өлкөнүн инвестициялык режими региондогу эң атаандаштыкка жөндөмдүү шарттардын бирин камсыз кылат. «Кыргызстан региондогу биринчилерден болуп «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамды кабыл алып, санариптик валюталар, блокчейн-чечимдер жана финтех-долбоорлор менен иштөө үчүн укуктук негиз түздү. Учурда улуттук санариптик валютаны иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча пилоттук долбоорду даярдоо жүрүп жатат», - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.
Сөз арасында адамдык капиталды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Германиялык моделдеги дуалдык билим берүү системасын интеграциялоо приоритеттердин бири катары аталды. Жакынкы келечекте эки өлкөнүн ортосунда Миграциялык келишимге кол коюу Кыргызстандан Германияга квалификациялуу адистерди жумушка орноштуруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт жана кесиптик алмашууларды кеңейтет.
Аягында Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Германия туруктуу экономика, жашыл технологиялар, өнүккөн билим берүү жана өз ара ишенимге негизделген кызматташтыктын жаңы этабынын босогосунда турганын белгиледи. Ал ар бир форум реалдуу долбоорлорго жана ийгиликтерге айланарына ишенимин билдирди.