28
Ноябрь
Кыргызстан жана Казакстан социалдык реформалар жаатында кызматташтыкты тереңдетүүдө
Алматы, 27-ноябрь 2025-жыл. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы социалдык реформаларды ишке ашыруудагы казак тараптын тажрыйбасын изилдөө максатында Казакстан Республикасынын Алматы шаарына жумушчу сапары менен барды.
Сапардын программасы Казакстандын орто жана жогорку билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо, маданий саясат жана адамдык капиталды өнүктүрүү тармактарындагы заманбап ыкмалары менен таанышууга багытталган.
Кыргыз делегациясы сапардын жүрүшүндө мектептерди модернизациялоо тажрыйбасы менен таанышып, Улуттук жугуштуу оорулар илимий борборуна барып, комьюнити-борборлорунун ишмердүүлүгүн, чет элдик университеттердин филиалдарынын иш моделин, ошондой эле социалдык коргоо жана иш менен камсыз кылуу системасын санариптештирүү тажрыйбасын изилдеди.
Казакстандын министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери менен жолугушууда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов улуттук реформаларды алдыга жылдыруу үчүн тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи:
“Кыргызстан бүгүн өнүгүүнүн жаңы этабына кирүүдө жана алдыдагы беш жылда биздин алдыбызда бүткүл социалдык чөйрөнүн натыйжалуулугун кыйла жогорулатуу милдети турат. Ыкчам жылыш үчүн биз текшерилген жана натыйжалуу моделдерди изилдеп жатабыз. Казакстан акыркы жылдары масштабдуу өзгөрүүлөрдү ишке ашырды жана биздин сапарыбыз бизге ылайыкташтырылып, колдонула турган чечимдерди көрүүгө мүмкүндүк берет. Боордош Казакстандын тажрыйбасы биз үчүн чоң мааниге ээ жана баарын жеринде көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергениңиздер үчүн ыраазыбыз”.
Иш сапардын жыйынтыгында тараптар тиешелүү ведомстволор арасында адистерди алмашууну, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүнү, ошондой эле заманбап башкаруу жана инфраструктуралык чечимдерди киргизүүнү камтыган мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамына Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү, министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери кирген.