28
Ноябрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Берлинге келди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Берлин шаарына (Германия Федеративдик Республикасы) жумуш сапары менен келди.
Жумуш сапарынын алкагында ал «Берлиндеги Кыргызстандын улуттук экономика күнү» деген темадагы кыргыз-герман бизнес форумуна, ошондой эле кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Берлинге болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, ошондой эле “Кыргыз почтасы” ААКнын эл аралык логистикалык борборуна барат.