27
Ноябрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Берлинге жумуш сапары менен барат
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Берлин шаарына (Германия Федеративдик Республикасы) барат.
Жумуш сапарынын алкагында ал “Берлиндеги Кыргызстандын улуттук экономика күнү” деген темада боло турган кыргыз-герман бизнес форумуна, ошондой эле кыргыз тараптан Адылбек Касымалиевдин тең төрагалыгы алдында өтүүчү кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Берлинге болгон жумуш сапарынын алкагында ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, “Кыргыз почтасы” ААКнын эл аралык логистикалык борборуна барат.