26

Ноябрь

2025

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ташкентте “Борбор Азия – Европа Биримдиги” үчүнчү экономикалык форумуна катышты

Ташкент, 2025-жылдын 26-ноябры — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Өзбекстан Республикасынын Ташкент шарында “Борбор Азия – Европа Биримдиги” үчүнчү экономикалык форумуна катышты.

Форумда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, экономика, жашыл энергетика, транспорт, маанилүү кен байлыктары сыяктуу бир катар тармактарда аймактар аралык кызматташуунун чыңдоонун жана өз ара аракеттенүүнү улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле, форумдун алкагында МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Евробиримдиктин эл аралык өнөктөштүк боюнча комиссары Йозеф Сикела менен жолукту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы учурдагы кызматташтыгы сүйлөшүлдү. Анда, Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда олуттуу долбоорлорду ишке ашырууда Европа Биримдиги жана Европа институттары тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоону жогору баалады.