26
Ноябрь
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасына келди
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.
“Манас” эл аралык аэропорттон Президент Касым-Жомарт Токаевди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди. Сыйлуу конокко кыскача концерттик программа тартууланды.
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы 27-ноябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өткөрүлөт.