25
Ноябрь
Дохада болуп өткөн Дүйнөлүк социалдык өнүктүрүү саммитинин жыйынтыгы боюнча кеңешме Бишкекте өткөрүлдү
Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын башында Дохада болуп өткөн Социалдык өнүктүрүү боюнча экинчи дүйнөлүк саммиттин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эл аралык уюмдар, дипломатиялык миссиялар, БУУ тутумундагы агенттиктер, жарандык коом жана жеке сектордун өкүлдөрү менен биргеликте кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеге агартуу, саламаттыкты сактоо, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция, каржы жана экономика министрликтеринин жетекчилери катышып, учурдагы улуттук артыкчылыктарды сунуштап, адамдык капиталды чыңдоо жана социалдык саясат тармагын жакшыртуу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты. Катышуучулар Дохада коюлган максаттарды ишке ашыруу жана 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук өнүктүрүү программасынын тартибинде белгиленген максаттарга жетүү үчүн бардык ведомстволордун макулдашылган иш-аракеттеринин зарылдыгын ырасташты.
Бул багытта МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, “Доха саясий декларациясы биздин багытыбызга толугу менен шайкеш келет. Ошол себептүү биз бардык улуттук жана эл аралык ресурстарды социалдык коргоону, билим берүүнү, саламаттыкты сактоону жана татыктуу эмгекти күчөтүү үчүн мобилизациялайбыз. Элдин жашоо деңгээлин жана бакубаттуулугун жогорулатуу – биздин негизги максатыбыз жана ал 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасында так жазылган”, – деди ал.
Маалымат үчүн
2025-жылдын 4-6-ноябрында Доха шаарында болуп өткөн Социалдык өнүгүү боюнча экинчи дүйнөлүк саммит адамдык ар-намыска, социалдык инклюзияга жана туруктуу өнүгүүгө глобалдык милдеттенмени тастыктады. Доха саясий декларациясынын чечимдери, 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасын жана 2023-2027-жылдарга туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташуу боюнча БУУ системасынын алкактык программасын ишке ашыруу үчүн адамдык капиталды, татыктуу жумушту, жана социалдык системаларды чыңдоодо эч ким унутта калбашы үчүн ырааттуу платформаны түзөт.