24
Ноябрь
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Нарын шаарына жаңы келген техникалар жана автобустарды тапшырды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касмалиев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарына жаңы келген техникалар жана автобустарды тапшырды.
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Коммуналдык жана шаар чарба кызматтары үчүн алынган жаңы атайын техниканын, ошондой автобустарды көрүп чыкты. Нарын шаарына 34 атайын багыттагы техникаларды сатып алуу боюнча түзүлгөн келишимге ылайык бүгүнкү күндө 11 автобус жана техникалардын ачкычтары тапшырылды.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Нарын шаарынын транспорт жана курулуш инфраструктурасын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин турукташтыруу фондунан Нарын шаардык мэриясына 250 000 000 (эки жүз элүү миллион) сом каражат, анын ичинен 230 000 000 (эки жүз отуз миллион) сом атайын техникага бөлүнгөн.
Өз кезегинде МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев техникалар шаар үчүн узак жылдар кызмат кылуусу үчүн аяр мамиле кылууга чакырды.