24
Ноябрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Россия Президентинин Администрациясынын өкүлдөрүн кабыл алды
Бишкек, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 24-ноябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын жетекчиси Вадим Титовду кабыл алды.
Эдил Байсалов Вадим Титовду кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын иши эки тараптуу кызматташуунун мындан ары да чыңдалышына өбөлгө болооруна ишенээрин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин, анын ичинде стратегиялык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, ведомстволор аралык байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле социалдык-экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.