21

Ноябрь

2025

МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Пакистан Ислам Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алтамаш Вазир Ханды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолугушту.

Эдил Байсалов Алтамаш Вазир Ханды Кыргыз Республикасындагы Элчилик кызматка дайындалышы менен куттуктап, кыргыз-пакистан кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого багытталган ишине ийгиликтерди каалады. Жолугушуунун жүрүшүндө жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги алдыдагы иш-чаралар талкууланды.