21
Ноябрь
МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев: ЭВФтин маалыматы боюнча, 2024-жылы Кыргызстан дүйнөдө ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирди
Бишкек, «Ынтымак Ордо», 2025-жылдын 11-ноябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Эл аралык валюта фондунун Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча департаментинин директорунун орун басары Субир Лалл менен жолугушту.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагы учурдагы макроэкономикалык абалды, ЭВФтин кыска мөөнөттүү миссиясынын жыйынтыктарын, ошондой эле туруктуу экономикалык өсүштү колдоого жана экономикалык саясатты чыңдоого багытталган мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Данияр Амангельдиев белгилегендей, акыркы жылдары республика социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу динамикасын көрсөтүп жатат, буга ырааттуу реформалар жана артыкчылыктуу тармактарды өнүктүрүүгө комплекстүү мамиле өбөлгө болууда. Анын айтымында, акыркы үч жылда экономиканын орточо жылдык өсүү темпи 9,0%ды түзсө, 2025-жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча 10,0%га жетти.
Данияр Амангельдиев негизги инфраструктуралык долбоорлордун катарында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун, Камбарата ГЭС-1 долбоорун ишке ашырууну, Барскоон–Бедел автожолунун курулушун, ошондой эле жеткиликтүү турак жай куруу программасын белгиледи. Субир Лалл өз кезегинде өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын маанилүүлүгүн жана учурдагы экономикалык динамиканы оң баалады, «акыркы төрт жылдын ичинде туруктуу өсүш байкалууда – муну эл аралык жана улуттук маалыматтар тастыктайт» деп баса белгиледи.
Ал ошондой эле «2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөлүк лидерлердин катарына кирди» деп белгиледи.
ЭВФ өкүлү "Кыргыз Республикасы экспорттоочу экономика болуп баратат" деп белгилеп, Кыргызстандын аймактык экономикалык процесстерге жакшыраак интеграцияланышы туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга мүмкүндүк берерин белгиледи.
Ошондой эле Субир Лалл банк тутумунун туруктуулугун, өлкөнүн глобалдык рынокторго кеңири интеграцияланууга даярдыгын жана экономикадагы оң тенденцияларды сактап калуу үчүн түз чет элдик инвестицияларды тартуу зарылдыгын баса белгиледи. Субир Лалл ЭВФтин орто мөөнөттүү макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган аналитикалык жана консультациялык колдоо көрсөтүүнү, ошондой эле сунуштарды иштеп чыгууга көмөктөшүүнү улантууга даяр экендигин ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогдун конструктивдүү мүнөзүн белгилеп, эксперттик баа берүүлөрдү мындан ары да алмашууга жана Кыргызстандын экономикасын туруктуу жана инклюзивдүү өнүктүрүүгө багытталган практикалык кадамдардын үстүндө биргелешип иштөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.