21

Ноябрь

2025

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында кыргыз-британ кызматташтыгынын маселелери талкууланды

Бишкек, «Ынтымак Ордо», 21-ноябрь - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулерди кабыл алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттарын, анын ичинде соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, инвестициялык өз ара аракеттенүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жана туруктуу өнүгүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экендиктерин билдиришти.