20
Ноябрь
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө сактоо боюнча комиссиянын жыйыны өттү
Бишкек шаары, «Ынтымак Ордо», 2025-жылдын 20-ноябры — Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу өлкөнүн көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө сактоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.
Эдил Байсалов мамлекеттин өнүгүшүнө зор салым кошкон инсандардын элесин сактоо боюнча системалуу иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Жыйынга Комиссиянын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, ошондой эле Ош шаарынын мэринин орун басары (онлайн) катышты.
Бишкек мэриясынан, Билим берүү жана илим министрлигинен, Улуттук илимдер академиясынан, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн жана Маданият министрлигинен келип түшкөн 21 сунуш кароого коюлду.
Алар билим берүү мекемелерине ысымдарды ыйгарууга, эстеликтерди жана мемориалдык такталарды орнотууга тиешелүү болду. Жыйындын жыйынтыгында Комиссия Кыргыз Республикасынын Баатыры Төлөгөн Касымбеков, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сооронбай Жусуев, Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев, Советтер Союзунун Баатыры Муса Жалил, хирург Шамшидин Суеркулов, Эл артисти Бообек Ибраев жана башка көрүнүктүү ишмерлердин ысымдарын ыйгаруу жана эстеликтерин орнотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алды.