18

Ноябрь

2025

Адылбек Касымалиевдин Москва шаарына болгон жумуш сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин Россия Федерациясынын Москва шаарына болгон жумуш сапары аяктады. 

Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар жана кеңейтилген форматтагы жыйындарына катышты. 

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев менен жолугушту. Мындан тышкары, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана делегациялары менен биргеликте Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Министрлер Кабинетинин Төрагасы үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрында кечинде Бишкек шаарына кайтып келди.