18
Ноябрь
ШКУ Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге жана чечимдерге кол коюлду
Москва, Россия Федерациясы – 2025-жылдын 18-ноябры - Москва шаарында (Россия Федерациясы) Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге жана чечимдерге кол коюлду.
Тизме:
1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын (премьер-министрлеринин) жыйырма төртүнчү жыйынынын жыйынтыгы
боюнча биргелешкен коммюнике.
2. Шанхай кызматташтык уюмунун туруктуу иштеген органдарынын кызмат адамдарынын акчалай камсыздоосу, кепилдиктери жана компенсациялары жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Өкмөт башчылар кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими.
3. 2026-жылга Шанхай кызматташтык уюмунун бюджети жөнүндө Өкмөт башчылар кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими.
4. 2024-жылга Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетинин аткарылышы боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун Финансылык отчету жөнүндө Өкмөт башчылар кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими.
5. Шанхай кызматташтык уюмунун Финансылык эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Өкмөт башчылар кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими.
6. Шанхай кызматташтык уюмунун туруктуу иштеген органдарынын финансылык-чарбалык ишине тышкы аудит жүргүзүү боюнча комиссиянын отчету жөнүндө Өкмөт башчылар кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими.
7. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар жана жыйындар жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын отчету боюнча Өкмөт башчыларынын кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими.
8. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин темир жол администрацияларынын (темир жолдорунун) өз ара аракеттенүү концепциясын 2027-жылга чейин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын Өкмөт башчыларынын кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими.
9. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы социалдык өнүгүү жана коргоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча 2026-2028-жылдарга карата жол картасы жөнүндө Өкмөт башчыларынын кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими.
10. 2017-жылдын 1-декабрындагы Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол.