18
Ноябрь
Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева балдар адилеттигин камсыздоо боюнча мыйзамдардын аткарылышына арналган тегерек столго катышты
Кыргыз Республикасынын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан уюштурулган балдар адилеттигин камсыздоо боюнча мыйзамдардын аткарылышына арналган тегерек столго катышты. Ошондой эле иш-чарага ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жетекчиси Самман Тапа, ошондой эле бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү чакырылган.
Катышуучулар мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо жана алдын алуу иштерин, ошондой эле социалдык колдоо механизмдерин талкуулашты.
Жыйында өзгөчө көңүл Президент Садыр Жапаров жакында кол койгон Кылмыш-жаза кодексине жана Кылмыш-жаза процесстик кодексине өзгөртүүлөргө бурулду. Бул өзгөртүүлөр баланы кылмыш сот өндүрүшүнөн чыгаруу тартибин жакшыртууга жана укуктук боштуктарды жоюуга багытталган.
Тегерек столдун жыйынтыгында баланы кылмыш сот өндүрүшүнөн чыгаруу процессинде мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби боюнча бирдиктүү жобо иштелип чыгып, анын практикалык колдонуу жолдору кеңири талкууланды. Бул документ келечекте бардык кызматтардын ишин координациялоого жана өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоодо туруктуу, бирдиктүү ыкманы камсыздоого жардам берет.