17
Ноябрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев ШКУнун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев менен жолугушту
Москва ш., Россия Федерациясы – 2025-жылдын 17-ноябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Башкы катчысы Нурлан Ермекбаевди кабыл алды.
Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар ШКУнун алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Кыргыз Республикасынын Уюмга төрагалык кылуусунун алкагында 2026-жылы Бишкек шаарында өтө турган ШКУнун алдыдагы саммитине даярдыктын негизги аспектилерине, ошондой эле ШКУнун 25 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды өткөрүү пландарына өзгөчө көңүл бурулду.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын айрым демилгелерине, анын ичинде ШКУда каржылык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган демилгелерине көңүл бурду.
Өз кезегинде Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев Кыргыз Республикасынын Уюмдун алкагындагы активдүү ролун жогору баалады жана ШКУнун Катчылыгы Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында пландаштырылган иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин ырастады.