17
Ноябрь
2025
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Россияга келди
Россия Федерациясы, Москва, 2025-жылдын 17-ноябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Москва шаарына (Россия Федерациясы) келди.
Жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы 24-жыйынына катышат.