15

Ноябрь

2025

КМШга мүчө мамлекеттердин балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн комиссиясынын алдындагы Балдар кеңешинин балдардын катышуусундагы биринчи отуруму өттү

2025-жылдын 14-ноябрында Минск шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн (омбудсмендеринин) комиссиясынын алдындагы Балдар кеңешинин балдардын өздөрүнүн катышуусундагы биринчи отуруму болуп өттү. Балдар кеңешин түзүү жөнүндө чечим ушул жылдын жайында Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн (омбудсмендеринин) комиссиясынын бешинчи отурумунда кабыл алынган. 


Балдар кеңешинин курамына Шериктештикке мүчө ар бир мамлекеттен экиден өкүл кирди. Кыргыз Республикасынан Балдар кеңешинин курамына Аалы Токомбаев атындагы № 24 мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучусу Адеми Саипова жана Кемел Токаев атындагы № 33 мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучусу Нурэл Орунтаев кирди. 

Биринчи отурумдун күн тартибине Балдар кеңешинин мүчөлөрү болгон балдардын «Баланын коомдун жашоосуна активдүү катышуу укугун ишке ашыруу жөнүндө КМШга мүчө мамлекеттердин тажрыйбасы» деген темадагы баяндамалары кирди. 

Отурумдун алкагында Балдар кеңешинин 2025–2027-жылдарга карата иш планы бекитилип, ошондой эле Балдар кеңешинин экинчи отурумун 2025-жылдын күзүндө Казакстан Республикасында өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктагандан кийин балдарга Минск шаарындагы Улуттук көркөм чыгармачылык жана жаштар борборунда концерт тартууланды. 

Ошондой эле катышуучулар Минск шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуш музейине барышты, бул программанын маанилүү бөлүгү болуп, балдарга тарыхый мурас менен таанышууга мүмкүндүк берди.