13
Ноябрь
МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун Түркия Республикасына жумушчу сапары болду
2025-жылдын 12-13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун Түркия Республикасына жумушчу сапары болду. Сапардын жүрүшүндө Эдил Байсалов Түркия Республикасынын Вице-президенти Джевдет Йылмаз менен жолугушту.
Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин атынан ал 2025-жылдын 11-ноябрында Түркиянын аскердик-транспорттук учагынын кыйрашынын натыйжасында адам курмандыктарына байланыштуу түрк тарапка көңүл айтты. Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу саясий, соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин кеңири талкуулашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2025-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарында өткөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча эки өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун ишин активдештирүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Сапардын алкагында Эдил Байсалов Түркия Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Кемал Мемишоглу менен да жолугушту. Тараптар саламаттыкты сактоо, медициналык билим берүү жана илимий изилдөөлөр жаатындагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, Анкара шаарында Эдил Байсалов Түркиянын радио жана телекөрсөтүү корпорациясынын (ТРТ) башкы директору Мехмет Захид Собаджы менен жолугушту. Сапардын аягында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Түркия Республикасынын Президенттинин администрациясынын аймагында жайгашкан «Beştepe Millet Ormanı» паркына барды. Бул паркта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров түрк тарапка эки өлкөнүн элдеринин достугунун белгиси катары белекке берген кыргыз улуттук боз үйлөрүн орнотуу пландаштырылууда.