13

Ноябрь

2025

Астана шаарында Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны болду

Астана шаарында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйынынын тар курамдагы жолугушуусу болуп өттү.

Жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектеновдун төрагалыгы астында өттү.

Жолугушууда эки мамлекеттин Президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин буга чейинки жогорку деңгээлдеги жолугушууларынын жыйынтыгында кол коюлган маанилүү документтер, анын ичинде 2025–2027-жылдарга кызматташуу боюнча комплекстүү План жана 2030-жылга чейин товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча Жол картасынын ишке ашырылышын сүйлөштү. 

Тараптар соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин карашты.