13
Ноябрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга жумуш сапары менен келди
Бүгүн, 2025-жылдын 13-ноябрында — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасынын Астана шаарына жумуш сапары менен келди.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын учагы “Нурсултан Назарбаев” эл аралык аэропортуна конду.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевди Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Аэропорттун флагштокторуна эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинип, ардактуу кароол тизилди.
Эске сала кетсек, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы 13-жыйынына катышат.