12
Ноябрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга жумуш сапары менен барат
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында Казакстан Республикасынын Астана шаарына жумуш сапары менен барат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйынына катышат.
Кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектеновдун жетекчилиги алдында тар жана кеңейтилген курамда өткөрүлөт.
Отурумдарда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана кызматташуунун актуалдуу маселелери каралып, чечимдер кабыл алынат.