10

Ноябрь

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Россия Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Бишкекте мектеп куруу долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жана өлкөгө иш сапары менен келген Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Бишкек шаарында мектеп куруу долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышты.
 
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасында биргелешкен жалпы билим берүүчү мекемелерди түзүү, куруу жана ишке ашыруу боюнча Макулдашууну ишке ашыруу максатында, республика боюнча мектептерди куруу үчүн 9 жер тилкеси аныкталган.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Россия Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук борбордо курула турган мектептин жеринде болушту. Аларга мектептин долбоору тууралуу маалымат берилди. Мектептин долбооруна ылайык 1224 окуучуга ылайыкталууда, жер аянты 3 гектарды түзөт.
 
Учурда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан долбоорду ишке ашырууга байланышкан ар кандай курулуш иштери жүргүзүлүүдө.