31

Октябрь

2025

МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Швейцариянын Улуттук кеңешинин Биринчи вице-спикери Пьер-Андре Пажды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Швейцария Конфедерациясынын Улуттук кеңешинин Биринчи вице-спикери Пьер-Андре Пеж менен жолукту.
Эдил Байсалов Швейцария Кыргызстандын көп жылдык жана ишенимдүү өнөктөшү, туруктуу өнүгүүнүн жана туруктуулуктун үлгүсү экенин белгиледи.
Тараптар кыргыз-швейцария кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде парламенттер аралык диалогду өнүктүрүү жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелерин талкуулашты. Делегацияларды мындан ары алмашуу жана биргелешкен демилгелерди колдоо жөнүндө макулдашууга жетишилди.