30
Октябрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушту
«Ынтымак Ордодо» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушуусу болду.
Маектешүүнүн жүрүшүндө Эдил Байсалов мейманды жылуу тосуп алып, кыргыз-татарстандык байланыштардын активдүү өнүгүп жатканын белгиледи. Ал татарстандык тарапты Татарстан Республикасынын Раисин жакында ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, Рустам Миннихановдун түрк дүйнөсүнүн аксакалы катары жогорку ролун, ошондой эле анын глобалдык исламдык умманын жашоосуна активдүү катышуусун белгиледи.
Тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактарда кызматташууну кеңейтүү келечегин талкуулашты, ошондой эле Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы салттуу боордоштук мамилелерди мындан ары да чыңдоого умтуларын ырасташты.