25
Октябрь
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Каракол шаарынын таштанды калдыктарын технологиялык жол менен жок кылуучу заводдун курулушуна мезгил кутучасын салуу аземине катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында, Каракол шаарынын таштанды калдыктарын технологиялык жол менен жок кылуучу заводдун курулушуна мезгил кутучасын салуу аземине катышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасында экологиялык абалды жакшыртуу жана калктын жашоо сапатын жогорулатуу максатында таштандыларды технологиялык ыкма менен кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгилеп, бул багытта Кытай Эл Республикасынын “Хунань Цзюньсинь Хуаньбао” компаниясы Кыргызстандагы өнөктөштөр менен биргеликте үч ири долбоорду — Бишкек, Ош жана Ысык-Көл долбоорлорун — ишке ашырып жатканын белгиледи.
“Жашыл экономика замандын урааны болуп калды. Биз дагы бул багытта аракеттенип, мына бүгүн Жашыл экономиканын өнүгүүсүнө багытталган ишкананын курулушун баштап жатабыз. Таштандыны технологиялык ыкмада кайра иштетүү жана электр энергиясын өндүрүүчү эко-технологиялык заводдун курулушу биздеги экологиялык абалды кыйла жакшыртат.”-деди ал.
МинКаб Төрагасы сөзүнүн аягында бул долбоор Кыргызстан менен Кытайдын достук мамилесин дагы бекемдеп, Ысык-Көл облусунун өнүгүүсүнө зор салым кошооруна ишеним артты.
Белгилей кетсек Ысык-Көл облусундагы долбоор боюнча Баштапкы этапта Ак-Суу району жана Балыкчы шаарында күнүнө 600 тонна таштанды иштете турган технологиялык электр станциялары курулат. Кийинки этаптарда Министрлер Кабинетинин чечимине, облустагы жана коңшу аймактардагы таштандылардын көлөмүнө жараша, инвестор тарабынан кошумча иштетүү линиялары курулат.
Бул этаптагы долбоордун жалпы инвестиция көлөмү болжол менен жалпы 140 миллион долларды түзөт.