26

Октябрь

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнү менен тармактын кызматкерлерин жана ардагерлерин куттуктады.

Куттуктоо тексти:

“Урматтуу автотранспорт жана жол чарба кызматкерлери, тармактын ардактуу ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! 

Автожолдор – Кыргызстандын негизги артериясы, өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн өзөгү. Өлкө ичиндеги өндүрүш, соода, кызмат көрсөтүү жана башка тармактар дал ушул жолдор аркылуу биригип, жалпы улуттук өнүгүүгө өбөлгө түзөт. Аймактардын ыкчам өнүгүүсү, өлкөдө эл аралык жана ички туризмдин кеңири жайылышы дал мына ушул жолдор менен байланышкан. Жол инфратүзүмү экономикалык активдүүлүктү күчөтүп, ички жана тышкы рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Жолчулардын эмгеги менен Кыргызстанда жылына миңдеген чакырым жолдор курулат. 2024-жылы 802 км автожолго асфальт төшөлсө, быйылкы жылы 1150 чакырымдан ашык жол асфальтталды. 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин транспорт жана жол тармагына 101,7 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Мындай ири каражаттын эсебинен акыркы 5 жылда 3 048 км ашык жол курулуп, алардын ичинен  2 453 км жолго асфальт төшөлдү. Натыйжада өлкөбүзгө маанилүү болгон  жолдор салынды, алардын ичинде Чолпон-Ата шаары аркылуу өткөн жол салынып, колдонууга берилди, Ош – Баткен – Раззаков коридорунун курулушу соңуна чыгып калды, олуттуу транзиттик потенциалы бар  Барскоон – Бедел жолунун курулушу башталууда. 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин техникалык базасын чыңдап жана ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Жол фондунун эсеби менен акыркы жылдары жалпы 750 атайын техника сатып алынды жана 2026-жылы дагы 484 атайын техника сатып алынуусу күтүлүүдө. 

Бул көрсөткүчтөрдүн күндөн күнгө өсүүсү иштин алгылыктуу жүрүп жаткандыгын айкындайт. Аталган иштер Кыргызстандын жол инфратүзүмүн жакшыртуудагы эң масштабдуу, зор жетишкендиктер болуп калмакчы. 

Мамлекетибиздин жол жана авто транспорт тармагын өнүктүрүүгө өз өмүрүн арнаган, кыштын ызгаардуу суугуна, жайдын саратан ысыгына карабай, күнү-түнү дебей жол куруп, оңдоп, түздѳп жана карап жүрүшкөн жолчулар, ошондой эле өлкөбүздүн, элибиздин 95 пайыз жүргүнчүлөрүн жана 60 пайыз жүктөрүн ташып жеткирүү иштерин камсыз кылып жаткан автотранспорт кызматкерлери, ѳлкѳбүздүн жол жана авто транспорт тармагынын фундаментин түптѳп жана анын ѳнүп-ѳсүшүнѳ ѳчпѳс из калтырышкан ардагерлер сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм, бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлѳңүздѳргѳ бакыт-таалай каалайм. Мамлекетибизде тынчтык жана бакубатчылык, өнүгүүлөр жана жаңылануулар боло берсин”.