26
Октябрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кыргызстандыктарды Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев кыргызстандыктарды Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктады.
Куттуктоо тексти:
"Урматтуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана өз атымдан сиздерди чын жүрөктөн өлкөбүздөгү Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктайм.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-мартындагы токтомуна ылайык бул майрам ар жылы октябрдын акыркы жекшембисинде белгиленет. Конституция ар бир жаранга өлкө башкаруусуна катышуу укугун берет. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу бул укукту ишке ашыруунун негизги формасы катары демократиялык институттарды бекемдеп, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн натыйжалуу жолу болуп эсептелет.
Жергиликтүү жамааттардын мамлекеттеги өзгөчө ролун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2024–2028-жылдарга жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программасын кабыл алган. Ал программада мамлекеттик башкаруу системасын жаңылоо жана административдик-аймактык бөлүнүштү өркүндөтүү боюнча чаралар каралган. Кыска мөөнөт ичинде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп, айрым айыл аймактар менен шаарлар ирилештирилди. Бул башкаруу чыгымдарын үнөмдөөгө, жергиликтүү бийликтин каржылык туруктуулугун чыңдоого жана региондордун потенциалын жогорулатууга өбөлгө түздү.
Бүгүнкү күндө мамлекет жергиликтүү демилгелерди активдүү колдоп, кабыл алган чечимдеринде коомчулуктун пикирин эске алып келет. Ошол эле учурда муниципалдык кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жана компетенттүүлүгүн жогорулатуу максатында аларды окутуу жана кайра даярдоо иштерине өзгөчө көңүл бурат. Ошондой эле акыркы мезгилдерде орун алып жаткан борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын конструктивдүү өз ара кызматташуусу маанилүү жетишкендик болуп эсептелет: Министрлер Кабинети региондорго олуттуу ресурстарды багыттап жатат, ал эми жергиликтүү бийлик приоритеттүү маселелерди жеринен чечүүдө.
Бул күч аракеттер конкреттүү жыйынтыктарды берип жатат: жолдор курулуп жана оңдолууда, мектептер, бала бакчалар, маданий жана спорттук объекттер салынууда, суу менен камсыздоо жана сугат системалары жакшыртылууда. Мунун баары жарандардын жашоо сапатынын жогорулашына жана региондордун туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө.
Заманабыз бизден жаңыча жана терең ойлонулган чечимдерди талап кылууда. Ошол эле учурда жамааттарыбыздын ынтымагы, интеллектуалдык потенциалы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы топтолгон тажрыйбабыз келечекке ишеним менен карап, амбициялуу максаттарга жетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Жергиликтүү жамаат тургундары – активисттер, аксакалдар жана жаштар өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн пайдубалын түптөп жатканын өзгөчө белгилеп кетким келет. Чоңдугуна, чакандыгына же жайгашкан жерине карабастан, ар бир жамаат ата-мекенибиздин жалпы өркүндөп өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келет. Күчтүү жамааттар – бул күчтүү мамлекеттин кепилдиги.
Урматтуу жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери! Сиздердин күнүмдүк эмгегиңиздер жана жарандык жигердүүлүгүңүздөр көп улуттуу коомубуздун ынтымагына, элдин токчулугуна жана өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө зор салым. Эмгегиңиздер дайыма урмат-сый, рахат жана накта жыйынтык менен коштолуп, жамааттарыбыздын жана мекенибиздин гүлдөп-өнүгүшүнө кызмат кыла берсин!
Майрамыңыздар кут болсун!".