20

Октябрь

2025

Кыргыз Республикасындагы психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация жөнүндө типтүү жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация жөнүндө типтүү жобо бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. 

Токтом акыл-эсинин жана дене боюнун өнүгүүсүндө бузулуулары бар балдар, ошондой эле оор оорулары бар балдар үчүн жалпы билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, аларды окутуу үчүн шарттарды түзүү жана зарыл болгон психологиялык-педагогикалык, медициналык жана социалдык колдоону көрсөтүү максатында иштелип чыккан. 

Типтүү жобону кабыл aлуу Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана улуттук мыйзамдарда кепилденген, анын ичинде майыптыгы бар бшдарды да камтыган, ар бир жаран үчүн жеткиликтүү, сапаттуу жана инклюзивдүү билим алууга болгон укукту ишке ашырууга багытталган. 

Бул Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы Улутryк приоритеттерине жана 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына (ТӨМ) шайкеш келет. Типтүү жобо менен бул шилтемеден толук таанышса болот.